• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз элчиси Катардын Соода жана өнөр жай министри менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыгыз Эшимбеков Катар мамлекетинин Соода жана өнөр жай министри Али бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

2021-жылы биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Эшимбеков катарлык тарапка 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий