• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз элчиси Кулубаев Казакстандын Айыл чарба министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Ж.Кулубаевдин Казакстандын Айыл чарба министри С.Омаров менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө С.Омаров менен элчи Ж.Кулубаев эки өлкөнүн айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын абалы жана келечеги, ошондой эле ЕАЭБтин алкагында өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар ушул жылдын 28-февралында Астана шаарында кол коюлган карантиндик фитосанитардык контролдоо маселелери боюнча Жол картасын аткаруу боюнча пикирлер менен алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар маселелерди ыкчам чечүү үчүн байланышта болууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий