• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Кыргыз эли" коому Түркиядагы фестивалга катышты

Маданият 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Түркиядагы "Кыргыз эли" коому 29-30-июнь күндөрү Анталья менен Ыспарта облустарынын ортосундагы Чайыр жайлоосунда өткөн фестивалга катышты. Бул тууралуу аталган коомдун маданият жана маалымат бөлүмү билдирди.

"Кыргыз эли" коомун фестивалга катышуу үчүн "Каракоюнлу Йөрүклери" коому чакырган.

"Кыргыз эли" коому билдиргендей, 32-ирет өтүп жаткан бул фестиваль жылда Чайыр жайлоосунда өткөрүлүп келет.

Иш-чаранын башында аталган коомдун башчысы Мустафа Куш сөз сүйлөп, фестиваль расмий ачылган.

"Кыргыз эли" коомунан Рыскүл Кадырова сүйлөп, ал эки эл жакын экенин айтып өткөн.

"Биз тууганбыз. Тилибиз жана динибиз окшош. Эч качан ортобузда жагымсыз окуялар болбосун. Дайыма ынтымак болсун. Жайлоодо, табият коюнунда өткөн бул фестивалда балалыгымды эстедим. Чакырууңуздар үчүн жалпы эмгек жамаатыңыздарга терең ыраазычылык билдирем", - деген ал.

Андан соң Мустафа Куш Рыскүл Кадыровага өз белектерин жана грамотасын тапшырган.

Фестивалдын алкагында Бексултан Алимбеков, Орозбек Тоялиев, Гүлжан Усупбаева кыргыз ырларын аткарып берген.

Пикир

Оставить комментарий