• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз эли түрк тилдүү өлкөлөр менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар - Жумабеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Түркия Республикасынын Измир шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын 8-пленардык жыйынынын соӊунда Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжандын парламент жетекчилеринин катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны өттү.

Басма сөз жыйынын ачкан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым Ассамблеянын 8-пленардык жыйынында түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгын жигердүү улантуу максатында бир катар маселелер каралганын белгилеп, мүчө өлкөлөрдүн жаркын келечегине багытталган сүйлөшүүлөр болгонун маалымдады. Муну менен катар ушул жылдын сентябрь айында түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында болгон жолугушуусунда кабыл алынган чечимдерге токтолгон Бинали Йылдырым, аларды ишке ашырууда парламенттин ролунун жогору экенине токтолду. Ошондой эле кабыл алынган Измир декларациясы тууралуу да сөз кылган Түркия парламентинин жетекчиси, Ассамблея Кеӊешинин кийинки отуруму Азербайжанда өтөрүн маалымдады.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Измир шаарында өткөн ТүркПАнын 8-пленардык жыйыны учурдун олуттуу маселелери кеӊири талкууланган маанилүү иш-чара болгонун белгилеп, ассамблеянын өнүгүшүндө ар бир мүчө мамлекеттин салымы чоӊ экенин кошумчалады. "Кыргыз эли жана мамлекет жетекчилери түрк тилдүү өлкөлөр менен болгон тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Андыктан, парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо аркылуу түрк тектүү элдердин бир туугандык мамилесин арттыруу башкы максатыбыз. Бүгүн, кабыл алынган чечимдер жана Измир декларациясы коюлган максаттарды ишке ашырууда негизги жол картабыз болуп берет деген ишеничтемин" - деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ал эми Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов менен Казакстан Парламент Мажлисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин түрк тектүү элдердин кызматташтыгын арттырууга багытталып кабыл алынган чечимдер толук аткарылса, бир тууган мамлекеттердин өнүгүшүнө өбөлгө болорун билдирди.

Мындан сырткары, парламент жетекчилери ТүркПАнын 8-пленардык жыйынын ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн Түркия Улуу Улуттук Жыйынына жана Төрагасы Бинали Йылдырымга ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, Түркиянын Измир шаарында 20-21-ноябрь күндөрү ТүркПАнын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата маарекелик иш-чаралар жана ассамблея Кеӊешинин отуруму менен 8-пленардык жыйыны өттү. Иш-чараларга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов бар.

Пикир

Оставить комментарий