• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз элинин байыркылыгы - анын тилиндеги бир гана тамгадан турган сөздөрдүн жолуккандыгында

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Кыргыз эли көчмөн калк. Анын цивилизациясын ааламга даңазалап, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү салтка айланды. Андагы иштин басымдуу бөлүгүн маданият менен спорт тармагынын өкүлдөрү гана аткарууга туура келерин иш чаранын өткөндөгү чыгарылыштары көрсөттү. Ошондуктан, элибиздин байыркылыгын аныктап, анын колдонгон буюм–тайымдарына чейин так маалымдай турган атайын бөлүм болуп, ага окумуштуулар тобу жигердүү катышууга тийиш. Бул тууралуу пикирин билдирип, белгилүү окумуштуу, техника илимдеринин доктору, архитектура боюнча профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Жумабек Тентиев бүгүн, 29-мартта “Парламент” радиосунун туз эфиринде болду.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Жумабек Тентиев Жогорку Кеңеште “КР музейлери жана Музей фонду жөнүндө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышына арналган парламенттик угууга да чакырылып, маанилүү баяндама жасаган. Анда улуттук атрибуттардын бири болгон боз үйдүн келип чыгышы, анын заман талабына жараша улам жаңы жасалгаларга ээ болушу тууралуу айтып, өзү жазган “Күн белгиси” китебиндеги илимий далилдердин бир тобуна токтолду.

Ошондой эле кыргыз элинин байыркылыгын далилдөөчү бир топ аргументтерди келтирип, мисалы бир гана тыбыштан турган сөздөрдүн кыргыз тилинде жолугаарын санап берди. Андан тышкары айрым котормолордун ыгы жок колдонулуп жаткандыгын да сынга алды. “Апче” деген сөз боз үйдүн аялзатына таандык болгон бөлүгү – “эпчи тарап” деген түшүнүктөн келип чыккандыгы сыяктуу коомчулукта кызыгууну жараткан илимий изилдөөлөрдүн ачыла элек сандыгынын сырын төкчү китеп даярдап жаткандыгын да билдирди.

Пикир

Оставить комментарий