• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз этнологиясы боюнча китеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Кыргыз этнологиясын изилдеген китеп жарык көрдү. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Аталган басылма Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун көрүнүктүү тарыхчылары жана Россия академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы этнология жана антропология институту тарабынан, 1992-жылы түзүлгөн “Народы и культуры” сериясынын алкагында жарык көрдү. Эносоциалдык жана этномаданий процесстер традициялык көрүнүш аркылуу масштабдуу изилдөөгө алынган китеп - эгемендүү Кыргызстандын этнологиялык илиминде алгачкы жолу чыгып отурат.

Китеп этникалык тарыхты, чарбалык түзүлүштү жана материалдык маданиятты, социалдык жана үй бүлөлүк мамилелерди, руханий маданиятты жана диний түшүнүктөрдү камтыган 5 бөлүктөн турат. Андан сырткары басылмага кыргыз элинин XX-XXI кылымдардагы этномаданий жана социалдык-саясий өнүгүүсү туурасындагы материалдар кирген.

Басылмага кыргыз илимине бараандуу эмгек сиңирген А.Асанкановдун, А.Акматалиевдин, Б.Беделбаевдин, Т.Кененсариевдин, А.Көчкүновдун, А.Мокеевдин, Р.Кыдырбаеванын ж.б. макалалары киргизилген.

Кыргыз этнологиясы боюнча ар тараптуу элдик маданиятты жана байыркы доорлордон бери карай узак убакыттагы этникалык өнүгүүнү өзүнө камтыган эмгек этнология, тарых, культурология тармагы жана кыргыз жана Кыргызстан тарыхына кызыккан окурмандардын кеңири катмары үчүн көптөн бери күттүргөн белек болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий