• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз-француз мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү cаясий департаментинин директору Улан Жусупов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-француз мамилелеринин учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечегинин маселелери талкууланды

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилешти. Баарлашуунун жүрүшүндө, ушул жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги жана эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда туруктуу саясий консультацияларды өткөрүү боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарабы ЕБдин жогорку өкүлдөрүн жана Европадагы ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн болжолдуу түрдө 2021-жылы октябрь айында Кыргызстанда өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумуна жигердүү катышууга чакырды.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун юридикалык базасын толтуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык кызматташтык маселелерине жана француз компанияларынын ковидден кийинки мезгилдеги Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорго катышуусуна өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ушул сыяктуу жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп турууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий