• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз футбол бирикмесинин логотибин жасоого сынак жарыяланды

Спорт 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Кыргыз футбол бирикмесинин логотибин жасоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынактын мөөнөтү 15-апрелге чейин жүрөт. Сынактын жеңүүчүсүнө 1 миң доллар берилет.

"Тандалып алынган логотип Кыргыз футбол бирикмесинин расмий эмблемасы катары кабыл алынып, расмий документтерде, сайттарда, социалдык тармактарда жана башка маалыматтык жана сувенирдик продукцияларда колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эң мыкты болгон беш логотиптин авторуна футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын футболкасы жана алардын өз талаасында ойногон беттештерге абонент берилет.

Пикир

Оставить комментарий