• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз футбол союзунун президенти Маматов кызматынан кетти

Спорт 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнө Канатбек Маматовдун отставкага кетүү тууралуу арыз жазгандыгы маалымдалды, буга байланыштуу алдыдагы конгресс тандалма болот.

Аткаруу комитетинин чечими менен кезексиз Конгресс 2021-жылдын 11-октябрына белгиленген.

Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп 2019-жылдын 9-февралында тандалган.

Пикир

Оставить комментарий