• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Футболчу Мусабеков: Биз даярбыз деп эсептейм, командада маанай жакшы

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. Биз даярбыз деп эсептейм, командада маанай жакшы. Бул тууралуу Кыргызстан курама команданын оюнчусу Фаркат Мусабеков Филиппинге каршы оюндун алдында өз пикирин билдирди.

"Бул беттеш биз үчүн маанилүү болгондуктан бизди кыйын оюн күтүп турат. Утуп тайпадан чыксак болот. Муну филиппиндиктер да каалап жатышат. Биз үчүн да, алар үчүн да оор беттеш болот. Биз даярбыз деп эсептейм. Командада маанай жакшы. Оюнду күтөбүз", – деди Мусабеков.

Эске салсак, Кыргызстан – Филиппин беттеши бүгүн саат 19:30 Дубай шаарындагы Rashid stadium стадионунда өтөт.

Кыргызстан Азия Кубогунда С тайпасында орун алып, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин курама командалары менен оюн өткөрүүдө.

Турнирдин биринчи турунда Кыргызстан Кытай менен оюн өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңилип калган. Экинчи беттеште Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий