• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз футболчусу Виктор Майер УЕФАнын "B" машыктыруучулук лицензиясын алды

Спорт 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Виктор Майер УЕФАнын "B" категориясындагы машыктыруучулук лицензиясын алды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Майер экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, Европанын футбол башкармалыгынын (УЕФА) лицензиясына ээ болду.

Эми ал жаш-өспүрүм, профессионал эмес жана бирин-экинчи дивизиондогу командаларды машыктыра алат.

Эске салсак, улуттук кураманын коргоочусу Майер алган жаракатына байланыштуу бутуна операция жасатып, азыр калыбына келүүдө.

Майер жаракаттын айынан январда өткөн Азия чемпионатына катышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий