• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз футболуна 100 жыл. Бүгүн Садыр Жапаров башында турган команда оюнга катышат

Президент 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир башталышы - 13:45.

Пикир

Оставить комментарий