• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз футболуна 100 жыл. Достук мелдешинде Садыр Жапаровдун командасы коло байгеге татыды

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдешинин үчүнчү орунга болгон оюнда Садыр Жапаров баштаган “Президенттин администрациясы” командасы “Бизнес коомчулугун” 5:3 эсебинде утту.

Белгилей кетсек, достук мелдешинде Садыр Жапаров жалпы 9 гол киргизип, мыкты чабуулчу болду.

Буга чейин мелдештин жарым финалында “Өнөр” командасы 2:1 эсебинде “Бизнес коомчулугун”, “Алга” командасы “Президенттин администрациясын” 4:2 эсебинде уткан.

Оюн Бишкектеги “Газпром” комплексинде өтүүдө.

Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки тайпага бөлүнгөн:

А тайпасына “Алга”, “Бизнес” жана “ЖМК” командалары кирди;
В тайпасына “Президенттин администрациясы”, “Федерация” жана “Өнөр” командалары кирди.

В тайпасында “Президенттин администрациясы” командасы “Федерацияны” 3:2 эсебинде утса, “Өнөр” командасы менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Ал эми тайпанын акыркы оюнунда “Федерация” командасы менен “Өнөр” 1:1 эсебинде тең чыккан.

А тайпасында “Бизнес” командасы “Алганы” 2:0 себинде утса, “Алга” “Журналисттерди” 3:1 эсебинде артта калтырды. “Бизнес” менен “Журналисттер” командаларынын ортосундагы оюну 4:0 эсебинде бизнесмендердин жеңиши менен аяктаган.

Мелдештин жарым финалына “Бизнес коомчулугу”, Өнөр”, “Алга” жана “Президенттин администрациясы” командалары көтөрүлгөн.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий