• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. 3-июнда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаевдин Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» Рефератынын башчысы Анке Конрад менен жолугушууcу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Элчи Абдылдаев жакында кыргыз-тажик чек-арасында болгон жаңжал тууралуу жана Кыргызстанга болгон терс кесепеттер тууралуу толук маалымат берди. Андан тышкары “Кумтөр” алтын кен ишканасынын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыян тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуу учурунда Германиянын “Жашыл Борбор Азия” демилгеси, Кыргызстан менен Германиянын Тышкы иштер министрликтеринин кезектеги консультацисын өткөрүү жана ар кайсы деңгээлде иш-сапарлар тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий