• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев менен Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» Рефератынын башчысы А. Конраддын ортосунда онлайн жолугушуу өтүп, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Абдылдаев Кыргызстандагы ички саясий процесстер, ушул жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасы боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы элдик референдумдун жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле конституциялык реформаны жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү маселелери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде А.Конрад германиялык тараптын эки тараптуу деңгээлде жана Европа Бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын демократиялык жана экономикалык өнүгүүсүнө мындан ары колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий