• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык канцлеринин кеңсесинин Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия бɵлүмүнүн башчысы Александр Валлау менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылга карата кыргыз-герман мамилелерин түрдүү тармактарда өнүктүрүү боюнча пландар, анын ичинде эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тууралуу сөз болду.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу актуалдуу маселелер, ошондой эле Германия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий