• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-герман кызматташтыгынын коопсуздук тармагындагы маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.20./Кабар/. Кечээ, 28-январда Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Германия Федеративдүү Республикасынын Коргонуу министрлигинин мамлекеттик катчысы Петер Таубер менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар аскер чөйрөсүндөгү, регионалдык коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

П.Таубер Кыргызстандын аскер чөйрөсүндөгү өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууга, тренингдерди өткөрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий