• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абдылдаев Фридрих Эберт фондунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кечээ, 10-июнда Берлдин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Фридрих Эберт фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси Филипп Ян жана ушул фонддун кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-герман мамилелерин ар кандай чөйрөлөрдө өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болуп, Германиянын ушул саясий фондунун карамагында биздин өлкөдөгү ишмердүүлүгү жана келечектүү багыттар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы учурдагы ички саясий процесстер, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы конфликт жана “Кумтөр” компаниясынын ишинин экологиялык терс кесепеттери жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий