• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Германиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Нильс Аннен менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалынын маселелери жана өнүгүү келечеги талкууланды.

Эки тарап соода-экономикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурушту жана ковидден кийинки мезгилде соода, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кайрадан жандандыруу зарылчылыгына көңүл бурушту. Тараптар ошондой эле Европалык Биримдик – Борбордук Азия Биринчи Экономикалык форумун өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы борборазиялык аймагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» демилгеси боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарап Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнө COVID-19га каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, анын алкагында германиялык дарыгерлер эки жолу келип, ПЧР-тесттер жана башка медициналык дары-дармектер түрүндө жардам берип жана вакцина түрүндө жардам көрсөтүүлүсү каралып жатат.

Н.Ниязалиев Н.Анненге өлкөдөгү ички саясий өзгөрүүлөр жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий