• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-герман программасы: Жаштар иштери боюнча адистерди окутуу мындан ары "аралаш" ыкмасында жүргүзүлөт

Коом 0


Бишкек, 02.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-герман программасынын жаштар иштери боюнча адистерди окутуу мындан ары "аралаш" ыкмасында жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жаштар иштери боюнча координация жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мураталы Үчкемпиров билдирди.

Анын айтымында "Жаштар үчүн жаркын келечек" аталышындагы долбоор 2012-жылдан бери иштеп келет. Ал Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облусундагы 20 айыл аймак жана шаарларды камтыйт.

"Жаштар иштери боюнча адистерди окутуу долбоорунун электрондук формасы ачылды. Буга чейин аталган тармактагы адистер президенттин алдындагы Башкаруу академиясында окуудан өтүшкөн. Эми "аралаш" ыкмасында окуудан өтүшөт. Анда адистердин ар биринде электрондук кабинети болот. Алар бир гана онлайн түрүндө окуудан өтпөстөн, жолугушуулар да өткөрүлөт. Мындан улам окутууну "аралаш" ыкмасы дегенбиз", - дейт ал.

Үчкемпиров белгилегендей, мамлекеттик ведомстволордун, министрликтердин жана мамлекеттик эмес мекемелердин жана уюмдардын ортосундагы каржылоо, адамдык ресурстарды пайдалануу сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга жардам берет.

"Курста жаштар менен кантип иштешүү керек, алар менен уюштуруу иштерин кандай жүргүзсө болот жана башка маселелер боюнча окутулат. Окуу жалпы 6 модулду камтып, 3 айдын ичинде аяктайт. Ар бир тема боюнча анкета жиберилип турат. Анда окуудан кандай пайда көрдүңүз, жумушуңузга кандай таасирин бергенин сураган суроолор камтылат. Эң соңунда ар бирине сертификат ыйгарылат. Аны менен социалдык тармактагы жумуштарга орношо алат", - деп кошумчалады ал.

Бөлүм башчы тренинг башталгандан бери 130 жаш адис, 380 жаш лидер окуудан өткөнүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий