• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргыз-герман техникалык долбоорлорун ишке ашыруунун келечеги талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кечээ, 28-мартта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Германияга иш сапарынын алкагында Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин статс-катчысы Франциска Брантнер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кыргыз-герман техникалык долбоорлорун ишке ашыруунун келечегин, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы ишкердик кызматташтыкты арттыруу пландарын талкуулашты.

КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз-Германия ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленди. КР президенти Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформаларды колдоонун алкагында Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин эксперттик жардамын тартуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Кыргыз тарап соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү инструментине айланган экономика тармагында башкаруучу кадрларды даярдоо боюнча «Германия менен өнөктөштүккө даяр» программасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. 2007-жылдан бери Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун 300дөн ашуун өкүлдөрү бул программанын алкагында Германияда окуудан өтүшкөн.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Германиянын ведомстволорунун экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергияны үнөмдөө жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу маселеси талкууланды.

Кыргызстан тарабынан демилгеленген жана БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган “Жаратылыш чек араны билбейт: чек аралар аралык кызматташтык – биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун негизги фактору” резолюциясын, ошондой эле 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоо боюнча резолюциясын ишке ашырууда кыргыз тараптын кызматташууга кызыкдарлыгы белгиленди.

Украинадагы азыркы кырдаал өзүнчө каралды. Министр Р.Казакбаев кыргыз тарап чыр-чатакты саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүүнү жактап, мамлекеттердин ар кандай ортомчулук аракеттерин кубаттай турганын, ошондой эле бул максаттар үчүн аянтча берүүгө даяр экенин дагы бир жолу билдирди.

Кыргызстандын Россия жана Украина менен тарыхый тыгыз байланышы бар экени баса белгиленди. Санкциялардын аймактагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган терс таасирин минималдаштыруу жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча активдүү биргелешкен аракеттерди улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий