• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз гимнасттары Санкт-Петербургдагы турнирде 6 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 08.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз гимнасттары “Алтын Петербург” көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирден 6 медаль утушту. Турнир Санкт-Петербург шаарында (Россия) 4нөн 5-ноябрь күндөрү өткөн.

Иш-чарага жалпысынан 400гө жакын спорту катышкан. Кыргызстандын атынан “Дастан” клубунун спотчулары барышкан.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын байге куржунунда 6 медаль бар.

Үч экинчи орун жана үч үчүнчү орун.

Үчүнчү орун Злата Швачева (2011-жылкы, А тайпасы), Дениз Жунусалиева (2010-жылкы, А тайпасы), Диана Серова (2009-жылкы, В тайпасы).

Турнирде күмүш медалды багындырган спортчулар - Тинатин Сатыкеева (2007-жылкы, А тайпасы), Ульяне Мусина (2007-жылкы, А тайпасы) жана Маргарите Непорадна (2006-жылкы, В тайпасы).

Пикир

Оставить комментарий