• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-грек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 31.10.22 /Кабар/. Бүгүн, 31-октябрда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Грециянын Россиядагы элчиси Екатерин Нассика менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-грек мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий