• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз-япон парламенттер аралык кызматташууну тереңдетүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Тадамори Осима жана «Япония-Кыргызстан» достук лигасына кирген депутаттар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 2020-жылдын 13-мартында болуп, анда эки тараптуу парламенттер аралык кызматташууну тереңдетүү, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча өз ара аракеттешүү, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөөгө байланышкан маанилүү маселелер талкууланды.

Жолугушуунун аягында элчи М.Арстанбаев япон тарабына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана демократияны бекемдөөгө кошкон натыйжалуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий