• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыз “илим көчү Өзбекстанда уланды...” - академик А.Акматалиев

Аналитика 0

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев жетектеген кыргыз окумушттулары жана илимпздору, 2019-жылдын 16–18-май күндөрү Ѳзбекстанда болушуп, ѳзбек кесиптештери, айтматовтаануучулары жана жергиликтүү кыргыздар менен баарлашты.

“Кабар” маалымат агенттигинин Ѳзбекстандагы ѳз кабарчысы Тѳлѳнбай Курбановтун ѳтүнүчү менен бул сапардын жыйынтыктары тууралуу академик А. Акматалиевтин, илимий кызматчы Тилек Рыскулов тарабынан жазып алынган, ой-пикирлерин окурмандарыбыздын назарына сунуштайбыз.

– Абдылдажан агай, кечээ эле Сиз жетектеген коллектив Өзбекстан Республикасына барып келди, кандай максаттар менен ал жакка барган элеңиздер?

– 16–18-май күндөрү Ташкент, Самарканд шаарларында жана “Манас” айылында болдук. Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 18 илимий кызматкери, арасында мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары М.Мукасов, Г.Орозова, А.Кадырманбетова, илимдин доктору, кандидаттар Ч.Дыйканова, М.Көлбаева, Н.Ыйсаева, А.Качкынбай кызы ж.б. илимий кызматкерлер барышты. Негизги максат, идеябыз Эгемендүүлүктөн кийин солгундап калган илимий байланышты күчөтүү болчу.

Былтыр, 2018-жылы Улукбек атындагы Ташкент университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, Ахмаджон Мелибоев агай менен таанышып, Ч.Айтматовдун мааракесине карата иш-чара өткөрүү сунушун айткан элем. Бирок, мааракелик жылда бир күндүк да убактыбыз болгон жок эле.

Быйыл апрель айында Термез шаарында өткөн эл аралык бакшылык (төкмөчүлүк) фестивалына катышып келе жатып, А.Мелибоев менен жолугушуп, идеяны колдоону дагы бир ирет сурандым. Ошону менен бирге журналист Тѳлѳнбай Курбанов менен чогуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовго жолугуп, өтө турган иш-чаранын маанисин айтып бердим. Элчи да кубаттоого алды. Өзбекстандын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов менен кабарлашып, расмий кат жөнөттүм. Идея институттун кызматкерлерине да жакты. Ошентип, “Чыңгыз Айтматов жана өзбек-кыргыз адабий байланышы” деп аталган эл аралык илимий конференция уюштурулуп, эки тараптан бир нече докладдар окулду. Илим күнү, майрамы Өзбекстанда болду. Ѳзбекстандык айтматовтаанучуларга Айматов клубунун сыйлыктары тапшырылды.

– Өзбек адабияты менен жакшы тааныш белеңиздер?

– Ооба. Докладдарда эки элдин оозеки чыгармачылыгынын жалпылыктары, “Манас” эпосунун Миртемир которгон варианты, классик акын-жазуучулары Навои, Айбек, Айни, Каххар, Гафур Гулям, Адыл Якубов, Пиримкул Кадыров, Зульфия ж.б. жөнүндө биз тараптан, “Манас”, Токтогул, А.Осмонов, С.Эралиев, С.Жусуев ж.б. тууралуу алар тараптан пикирлер айтылды.

– Негизги тема Айтматов болгон экен да?

– Ошондой. Чыңгыз Айтматовду өзбек калкы эң жакшы көрөт. Айтматов да өзбек калкынын эмгекчилдигин жана маданиятын жогору баалап, таазим кылып келген. Президент Ш.Мирзиёевдун Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Жарлыгынын бардыгы аткарылгандыгына күбө болдук: чыгармалары которулуп, миңдеген нускаларда басылып чыккан, кинолор тартылган, театрларда спектаклдер коюлган ж.б. иштер кылынган. “Айтматов – биздин азыркы Навоибиз” деп келишет экен. Бул баа өзбек элинин кыргыз элине болгон чоң сый-урматы деп билсек болот.

Ушул жерден мен биздин айрымдарыбыздын пикирлерине көп анча ынана бербей келдим. Себеби, Навоинин атында Ташкентте эле көчө, парк, театр, район, адабий, илимий мекемелер ж.б. бар экен. Эмне үчүн Айтматовдун ысымын публицист Кубан Мамбеталиев жазгандай, “чолок көчө” менен калтырып коёбуз?

– Иш-чараңыздар дагы кайсы жерлерде уланды?

– Улуттук китепканада китепканачылар жана окурмандар менен жолугуштук. Алардын жана биздин кызматкерлер биргелешип чыгарган Айтматов жөнүндө Өзбекстандан чыккан эмгектердин библиографиясын жана жазуучу тууралуу дүйнөлүк адабиятчылардын илимий изилдөөлөрүнүн 5 томдук жыйнагын тапшырдык. Жазуучулар Союзунда жана “Дүйнөлүк адабият” журналынын редакциясында болдук. Кыргыздар жашаган “Манас” айылына барып, окурмандар менен жолугушуп, жазуучунун 10 томдугун белекке бердик. Айылдын ансамбли менен бирдикте биздин кызматкерлер концерт беришти. Бул чоң кубаныч, толкундоо болгонун айтпаса болбойт.

– Чыңгыз Айтматовдун көчөсү менен эстелигине барганыңыздарды маалымат каражаттары жакшы чагылдырышты...

– Эң негизги максатыбыздын бири, албетте, Чыңгыз агайдын эстелигине гүл коюу аземи болчу. Элчибиз баш болуп, Чыңгыз агайга таазим эттик. Ысымына байланышкан көчө таптаза, кепкенен, гүл бакчага оролгон. Анан кантип биз сүйүнбөй коёбуз?!

– Атайын баргандан кийин Өзбекстандын маданият жайларына да барсаңар керек?

– Ташкентти, Самаркандды жакшы эле кыдырдык. Биздин институттун кызматкерлеринин бир өзгөчөлүгү мында турат: илимий жана адабий чоң проектилерди аткаргандан кийин, аны окурмандар эң жакшы билишет, бир чети моралдык жактан эс алуу жагдайда, экинчи чети ишибизди пропагандалоо максатында жалпыбыз жер кыдырып, таанышабыз. Алсак, Астанада, Алма-Атада, Ысык-Көлдө, Таласта, Ошто болгонбуз.

– Илим күндөрүн облустарда өткөрүү жөнүндөгү демилгеңиздин жыйынтыгы кандай болуп жатат?!

– Өткөндө Ош облусуна барып, Ош мамлекеттик университети менен бирге Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын негизинде жарык көргөн эмгектерди жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын мектептерге жана китепканаларга бекер таратып келдик. Райондогу мектептердин мугалимдери, директорлору менен жолугушу өтө кызыктуу маанайда өттү. Бир эле Ош мамлекеттик университетине 1 млн. сомго жакын баадагы китептер берилди.

Аспиранттарым менен жолугуштум, илимий кеңештерди бердим. Бул илим күнүн региондордо өткөрүү демилгебизди Президенттик аппарат да жакшы колдоду.

Илим кербенибиз 8-12-май күндөрү Нарын облусунун райондорунда уланды. Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунун мектептеринде жана китепканаларында, Нарын мамлекеттик университетинде болдук. Бардык жерлерде Мамлекеттик тил, "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча иш-чаралар болуп жатты. Ага губернатор, райОНО өкүлдөрү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Кайсы жерлерге барбайлык, окуучулардын китеп окууга болгон ынтызарлыктары кубандырды. Чынын айтыш керек, китептердин нускаларынын республиканын бардык мектептерине жана китепканаларына жетпөөсү тынчсыздандырат. Кеминде 10 миң нускада көркөм чыгармалар чыгып турушу керек экен. Таалим-тарбиядагы адабияттын ролу өтө төмөндөп, жокко эсе болуп кеткени – жаш муундардын келечегине кедерги болуп жатканы ачык-айкын көрүнүш эмеспи. Руханий байлык ар кандай кесип ээлерине зарыл.

Облустардагы жолугушуулардан кийин ушундай бир ой келди - илим күнүн совет мезгилиндей жандандыруу керек экен. Бул бир чети жаш муундарга үлгү, өрнөк болсо, экинчиден биз да алар менен карым-катышта болуп, илимди пропагандалап, жакын боло түшөт экенбиз. Болбосо азыркы учурда ар ким өз арбайын согуп, эч ким менен иши жок болуп, асман менен жердей бөлүнүп бараткан экенбиз.

Ошондуктан, бардык тармактагы окумуштуулар региондорго чыгып турушса деген тилек бар. Бир кездерде кичи илимдер академиясы деген уюм бар эле, ал өз мезгилинде көп окуучуларды билим менен илимге тартып, учурда алар мамлекетке кызмат кылышууда.

– Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткан күнү жакындап келе жатат, кандай иш-чараларды пландаштырып жатасыздар?

– 10 жылдан бери ар түрдүү иш-чараларды өткөргөн элек. Кудай буюрса, бул күндө да окурмандар үчүн эсте кала турган иш-чараны ойлонуудабыз!

- Маегиңизге рахмат!

Тѳлѳнбай Курбанов

“Кабар” МАБ

Ташкент-Бишкек, 24 май 20019 ж.

Пикир

Оставить комментарий