• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Ч.Турсунбеков Индияга чакыруу алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Савитри менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашып, алакаларды мындан ары арттыруу маселелери тууралуу ой бөлүштү. Айрыкча, жолугушууда парламенттик демкоратияны куруу жана өнүктүрүү, ошондой эле, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият, соода-экономика жаатында тажрыйба алмашуу менен кызматташтыкты кеӊейтүү тууралуу сөз жүрдү.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Индиянын парламентаризмди куруудагы бай тажрыйбасын эске алуу менен парламенттер аралык тыгыз байланыштардын алкагында, эки тараптуу алакаларды жигердүү өнүктүрүү керектигин белгиледи. "Парламенттер аралык өнөктөштүктү өөрчүтүү үчүн бардык шарттар жана механизмдер, анын ичинде укуктук негиздер да бар. Жогорку Кеӊеште Индия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлүп, эки парламент ортосунда ишенимдүү мамилени камсыздоо багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүп келет", - деди Чыныбай Турсунбеков.

Ошондой эле Төрага, илимий-техникалык багытта, өзгөчө Индиянын дүйнөдөгү башкы артыкчылыгы болгон IT-технология жаатында алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Индиянын Кыргызстандагы элчиси Лакшманан Савитри эки өлкөнүн кызматташтыгы саясий жана парламенттер аралык алакалардын гана алкагында эмес, соода-экономика, туризм жана инвестициялык байланыштар сыяктуу бир катар тармактарда да келечектүү мүмкүнчүлүккө ээ экендигин билдирди. Андан тышкары элчи Кыргызстандын "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу үчүн Индиянын "Санарип Индия" долбоорунун тажрыйбасынан пайдалануу менен биргелешип иш алып барууга болорун кошумчалады. Ошондой эле Төрага Чыныбай Турсунбековду расмий иш сапар менен Индияга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий