• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-индия жаштар форумун түзүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 23-ноябрында Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаевдин катышуусу менен жаш лидерлер Конфедерациясынын видеоконференциясы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Исаев бул иш-чаранын катышуучуларына экономика жана маданият кызматташтыгынын маселелери менен кошо кыргыз-индия мамилелеринин учурдагы абалы, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана туризм тармагында кызматташтыктын келечеги, жана ошондой эле жаштардын КРнын заманбап жашоосундагы орду жана ролу тууралуу кенен айтып берди.

Катышуучулар Кыргызстан менен Индиянын экологиялык долбоорлор тармагында кызматташуусу, КРнын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин реформасы боюнча позициясы, атап айтканда, анын түзүлүшүн жана ишинин жобосун өзгөртүү, АСЕАН жыл сайын өтүүчү саммитинин талаасында үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында кол коюлган Аймактык ар тараптуу экономикалык өнөктөштүк тууралуу Келишиминин КР жана Индия үчүн маанилүүлүгү, Афганистандагы учурдагы кырдаал жана Кыргызстандагы акыркы саясий өзгөрүүлөр боюнча Исаевдин ой пикирине кызыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Кыргыз-Индия жаштар форумун түзүү жөнүндө макулдашышты.

Маалымат үчүн: СYL Индиядагы жаштар уюмдарынын жана жаш лидерлери үчүн ылдыйкы деңгээлде жана бекем улуттук жана эл аралык байланыштар менен иштеген алдыңкы палаталарынын бири болуп эсептелет.

CYLдин коллективдүү программаларынын ишке ашуусунда жаштар арасында билимди туруктуу жайылтуу максаты менен бул уюмду түзүүдө катышкан 50 миңден ашуун жаш адамдар тартылган. CYLдин демилгелери губернаторлор, БУУнун кеңешчилери, бюрократтар жана администрациялардын башчылары кирген консултанттар Кеңеши тарабынан колдоого алынган.

«Жаш лидер Конфедерациянын жаштар маеги» демилгелеринин сериясы Индиянын саясий жана академикалык чөйрөсүнүн, анын ичинде Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин көңүлүн бурган.

Пикир

Оставить комментарий