• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-индонезия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 20-майында КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Индонезия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сунарио Картадината менен жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индонезия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, өз ара кызыгууну жараткан чөйрөлөрдө мындан ары кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн кыргыз-индонезия ТИМдер аралык консультацияларды уюштуруу маселеси көтөрүлдү.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. А.Мадмаров Кыргызстандын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугу тууралуу маалымдап, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоону суранды. Өз кезегинде кыргыз тарап Индонезиянын өз ара колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарын кароого даяр экендигин белгиледи.

Тараптар мамлекеттердин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, ошондой эле адал продукциянын сапатын камсыздоо жаатындагы типтүү келишимдердин долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти.

Индонезиянын элчиси С.Картадината билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү сунуштады. Тактап айтканда, Индонезиядан Кыргызстанга ар кандай адистиктеги мугалимдерди жөнөтүү, ошондой эле Кыргызстандын студенттерин Индонезиянын ЖОЖдорунда окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Келерки жылы Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын (1993-жылдын 5-апрелинде) белгилөөнүн алдында тараптар бул маанилүү датага арналган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушунун соңунда эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өз ара кызыгууну жараткан тармактарда олуттуу натыйжаларга жетишүү үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий