• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз ишкерлери азык-түлүктөрдү Россиянын түндүгүнө жеткирүү керек – Уралов

Коом 0

Бишкек, 26.09.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. “Однако” (Россия) журналынын башкы редактору Семен Уралов кыргыз ишкерлерине өз азык-түлүктөрүн Россиянын түндүгүнө жеткирүүнү сунуштайт. Мындай оюн менен Уралов “Кыргызстандын ЕАЭБде төрагалыгынын жыйынтыктары: Евразия интеграциясынын экономика жана коопсуздук тармагында өнүгүшүнүн жаңы векторлору” тегерек жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда базардын аймагын ээлеп жана мамлекеттик сатып алууларга көңул буруу керек.

“Бизде бардыгы Москванын тегерегине багытталган. Бирок эмгек базарындагы миграцияны эске алганда Урал, Сибирь жана түндүктүн башка шаарларын атоого болот. Анын үстүнө акыркысы абдан бай аймак, ал жакта азык-түлүк жетишсиз. Кээде картошкага болгон баа бир килограммы үчүн 10 долларга чыгып кетет. Базардын көлөмү 10 млн жакын адамга чейин жетет, Кыргызстандын 6 млн калкы үчүн бул жакшы эле болот”,-деди ал. Ураловдун айтымында Россиянын базарларында ишкерлер диаспорага таянуу менен соода түйүндөрүн ачса болот. Себеби дегенде РФда Россиянын жарандыгын алган кыргыз жарандарынын саны арбын.

“Россия базары үчүн бренд ойлоп табуу зарыл. “Той талкан” деген таттуулар бар, россиялыктар ал эмне экенин билишпейт. Башкача айтканда, аны Россияга багытташ керек”,-деди ал. Уралов товарларды ортомчулары жок түз жеткирүү керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий