Кыргыз-италия дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгы

Аналитика 0

24-мартта Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы расмий байланыштардын түзүлгөндүгүнө 25 жыл болду. Бул маанилүү окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Мукашев “Кабар” агенттигине интервью берди.

- Кыргыз-италия мамилелеринин бүгүнкү деңгээли жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып берсеңиз?

- Чындыгында, чейрек кылым мурда, 1992-жылы 24-мартта Кыргызстан менен Италиянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү тууралуу Протоколго кол коюлган.

Ал кезде, өз тарыхында өнүккөн Европа өлкөлөрү менен байланышы болбогон, мамлекеттүүлүгү жаңыдан өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстан бир катар европалык өлкөлөр, анын ичинде биринчилерден катары Италия менен алакаларын түзгөн.

Көз карандысыздыктын алгачкы мезгилинде Италия менен дипломатиялык мамилелерди түзүү эки мамлекеттин дипломатиялык миссия мекемелерин негиздөө менен бекемделген. Бирок, тилекке каршы, бул өлкөлөрдүн өз аймактарында ишке ашкан эмес. Ошентип, бүгүнкү күндө Италиянын Кыргызстандагы элчилиги Астанада иштейт, ал эми Кыргызстандын Италиядагы элчилиги Женевада (Швейцария). Мындан тышкары Бишкекте Италиянын Ардактуу консулдугу иш жүргүзөт.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы 25 жылдык өз ара кызматташууларга баа берүүдө, ар кандай мамлекеттердин өз ара алакаларынын негизинде жаткан эки жактуу байланыштар, тутумдуу жана үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ эмес экендигин белгилөөгө болот. Жогорку деңгээлдеги саясий сүйлөшүү катары 1999-жылдагы Кыргызстандын башчысынын Италияга болгон расмий сапарын гана айтууга болот. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташуу тууралуу Келишимге кол коюлган.

Андан кийин жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштар болгон эмес. Өз ара сапарлар тышкы саясат жана экономика ведомстволорунун башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде, ошондой эле, эл аралык жыйынга катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министринин Италияга сапары аркылуу гана ишке ашып келген.

Эки жактуу мамилелерде динамиканын жоктугун тараптардын түшүнүүсү, учурда эки өлкөнү өз ара алакаларын бул кырдаалдан чыгаруу чараларын көрүүгө түрттү. Бул аракеттер 2016-жылдын декабрындагы ЕККУ мүчө-өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомствосунун башчылары Э.Абдылдаев жана Италиянын премьер-министри П.Джентилонинин жолугушуусунда башталган.

- Италия менен мамилелерибиз бул жылдары активдүү болбогондугуна карабастан, бул мезгил ичинде эмнеге жетишүүгө мүмкүн болду?

- Албетте, бул багытта белгилүү бир иштер жүрүп жаткан. Кыргызстан жана Италия Экономикалык жана жалпы суроолор боюнча, Экономикалык жана өнөр жай кызматташуусу, алмашуусу боюнча жумушчу топтору сыяктуу кызматташуу механизмдерин түзүштү. Бирок, кыйла натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн потенциалдуу каражаттар толук кандуу ишке ашырылбай калды. Анткен менен бул механизмдердин болушу мамилелерибиздин өзөгүнө айлануучу соода-экономикалык байланыштардын мындан аркы өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзөт.

Эгерде соода-экономикалык мамилелер тууралуу түз маалыматтарды келтирип, Кыргызстандын статистикалык маалыматтарына таянсак, 2004-2015-жж. Кыргызстандын экономикасына салынган италиялык инвестициялардын көлөмү 30,5 млн АКШ долларына жакынды түзгөн. Орто эсеп менен жылдык соода жүгүртүүнүн көлөмү 30 млн АКШ долларын түзөт.

Кыргызстан жана Италия соода байланыштарын бекемдөөгө күч жумшап, жүк ташууларга дем берет. Жыл сайын өлкөлөр эки жактуу жүк ташууга уруксат кагаздары менен алмашышат.

2015-жылы Кыргызстандын Миландагы ЭКСПО-2015 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышуусун белгилеп кетким келет. Анын жүрүшүндө кыргыз улуттук павильону ачылган. Ачылышына расмий делегацияны вице-премьер-министр В.Диль баштап барган.

Келишимдик-укуктук база тууралуу айтсак, учурда тараптар ортосунда ар түрдүү тармактарда 9 келишим түзүлгөн. Алардын ичинде 1999-жылдагы КР жана ИР ортосундагы достук жана кызматташуу Келишимин, КР жана Италия өкмөттөрүнүн ортосундагы туризм тармагындагы (1999-ж.) Келишимди, Маданий, илимий жана технологиялык кызматташуу тууралуу Келишимди (2013-ж.) бөлүп белгилөөгө болот.

Азыркы тапта 5 келишим, анын ичинде 3 экономикалык жаатка байланыштуу, италиялык тараптын кароосунда турат.

Маданий-гуманитардык багытта белгилүү бир кызматташуу өнүгүүдө. 2013-жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында белгилүү италиялык композитор Джузеппе Вердинин 200 жылдыгына арналган концерт өткөн. Мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата 24-мартта Бишкекте италиялык виолончелист Джованни Анджелери чыгармаларын аткарды.

2016-жылы сентябрда II ДКОго италиялык спортчулар катышканы бизди канааттандырды.

- Сиз эки өлкөнүн өз ара алакаларынын келечегине баа берүүдө кайсы тармактарды келечектүү катары көрсөтө аласыз? Ошондой эле, сиздин пикириңизде, кыргыз-италия кызматташуусун активдештирүү үчүн кандай кадамдарды жасоо керек?

- Эң ириде, биздин өз ара мамилелерибизге саясий байланыштарыбыздын мындан ары жогорку деңгээлде өнүгүүсү өбөлгө берерин белгилеп кетүү керек. Жогоруда белгиленген 2016-жылдын аягындагы Гамбургдагы жолугушууда өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнү жеринде кеңири талкуулоо үчүн Италия ТИМ башчысынын Кыргызстанга сапарын уюштуруу мүмкүндүгүн талкуулашкан. Биз италия тараптын сапарга болгон кызыгуусу ишке ашат деп ишенебиз.

Учурда тараптар ортосунда кызматташуу деңгээлин жана багыттарын эксперттик деңгээлде талдоону шарттаган эл аралык консультацияларды уюштуруу иштерин жасап жатабыз.

Албетте, соода-экономикалык кызматташуусун кеңейтүү маанилүү багыт болуп саналат. Биз, Италия экономикалык жактан өнүккөн мамлекет экендигин билебиз. Соода-экономикалык тармагында жигердүү кызматташа алабыз деп ишенем. Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн италия инвестициясы үчүн сунуштары бар.

Өз кезегинде, 2016-жылы январда башкы мүчөлөрүнүн бири Италия болгон Европа Биримдиги Кыргызстанга ПЖС+ (Преференциялардын жалпы схемасы) соода статусун берген. Бул статуска ылайык, өнүгүп жаткан өлкөлөргө ташылган товарлардын бажы төлөмдөрүнө жеңилдиктер берилет. Ошентип, Кыргызстан ЕБ өлкөлөрүнө, анын ичинде Италияга өз продукцияларын экспорттоого мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстан жана Италия парламенттик республикалар, бул багытта кеңири мүмкүндүктөр бар. мамлекеттерибиздин парламенттери кыйла жигердүү кызматташат деп ишенем. Бул жааттагы Италиянын тажрыйбасы бизге Кыргызстанда парламентаризмди мындан ары бекемдөөгө көмөк бере алат.

Эки өлкө бул жылдар аралыгында достук мамилелерин жетишээрлик түрдө колдоп келгендигин белгилеп кетким келет. Мен 25 жылдыктын негизинде бул потенциалды пайдаланууга бардык мүмкүндүктөр бар деп ойлойм. Биз италия тарап менен бул багытта иштешебиз жана биздин өнөктөштөр буга кызыкдар деп үмүттөнөбүз.

Мамилелерди түздөн-түз активдештирүү үчүн колдо бар механизмдерди ишке киргизип, өз ара алакалардын келечек жолун биргеликте аныктоо маанилүү.

Эрмек Абдрисаев
«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий