• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-израиль кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешинин министрлердин 6-жыйынынын алкагында Израилдин туризм министри Йоэль Развозов менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-израиль кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, туризм жаатында жана өз ара кызыгууну жараткан башка тармактарда өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Й.Развозовду туризм министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Министр Й.Развозов, өз кезегинде, жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий