• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз күчтөрү тажик айылдарына кол салды деген маалымат жалган – КР Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Тажик маалымат агенттиктеринин сайттарында жарыяланган "сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз аскерлери тажиктердин Сомониён айылындагы турак жайды аткылашты" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

"Кыргызстан менен Тажикстан биргелешип кайтарылган чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык аракеттерине карабастан, тажик маалымат каражаттары өздөрүнүн жалган билдирүүлөрү менен кайрадан эки өлкөнүн чек ара аймактарында кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылууда", - деп айтылат маалыматта.

КР УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын ЖМКларын такталган маалыматтарды таратууга жана жана чек арадагы жаңы чек ара окуяларына катализатор боло турган жалган маалыматтар менен эки республиканын жарандарын адаштырбоого чакырат.

Ошондой эле КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерине жалган материалдарды көз жаздымда калтырбоого жана жалган маалымат тараткандарды жана мамлекеттик чек арадагы чыр-чатакка себепкер болгон башка деструктивдүү элементтерди жаратууга түрткү болгондорду жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылат.

Пикир

Оставить комментарий