• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз күйөрмандарын Дубайдан Абу-Дабиге ташуу маселеси каралууда – Футбол федерациясы

Спорт 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кыргызстан Азия Кубогунун 1/8 финалында Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) курама командасы менен ойнойт. Бул матч 21-январда Абу-Даби шаарында өтөт.

Ошол себептен Дубайдагы кыргыз күйөрмандарын Абу-Дабиге алып барууну уюштуруу маселеси каралууда.

Учурда Кыргызстандын БАЭдагы элчилиги кыргыз диаспорасы менен биргеликте Абу-Дабиге барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн транспорт маселесин чечүү жолдорун караштырууда, деп кабарлады Футбол федерациясы.

Толук маалыматты WhatsApp тиркемеси аркылуу +971 561 363 291 номерине байланышып билсе болот.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер менен жолугушуусунда алдыдагы оюн тууралуу комментарий берип, "кийинки раундга чыкканга күчүбүз жетет деген ойдобуз", деп билдирген.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Турнирге 24 команда алты тайпага бөлүнүп, алардын 16 плей-оффко чыгышты.

1/8 финалдагы беттештер жекшемби күнү 20-январда башталат. Ал күнү боло турган оюндар:

Иордания – Вьетнам
Таиланд – Кытай
Иран – Оман

21-январда:

Япония – Сауд Аравия
Австралия – Өзбекистан
Бириккен Араб Эмираты – Кыргызстан

22-январда:

Түштүк Корея – Бахрейн
Катар – Ирак

Пикир

Оставить комментарий