• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси сабалды. Окуянын чоо-жайы

Коом 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди сабап кетишти.

Октябрь райондук милициясынан "Кабар" агенттигине окуянын чоо-жайын айтып беришти. Милициядан билдиришкендей, бүгүн, 1-ноябрь күнү милицияга А.К., аттуу жаран кайрылып, 31-октябрь күнү болжол менен саат 00:30да Тунгуч кичи районунда ага белгисиз бирөөлөр кол салып, сабап кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынган. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Учурда Ашырбаевге кол салгандарды издөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, "Кыргыз көмүр" ишканасы Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр казуу кенинде көмүр казуу иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий