• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги – биринчи күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Мелдеш кечээ 27-ноябрь күнү башталып, бүгүн жыйынтыкталат. Мелдешке 16 өлкөнүн 100гө жакын балбаны катышууда.

Балбандар 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 96 килограммдан жогорку салмакта күч сынашууда.

Мелдештин алгачкы күнүндө балбандар 55, 66, 84 жана 96 килограммдан жогорку салмактагы күч сынашкан.

Байге ээлери:

55 кг:

1-орун – Амарсаана Хатансайхан (Монголия);

2-орун – Жавохирб Тошмухамедов (Өзбекстан);

3-орун – Базарбек уулу Эламан (Кыргызстан);

3-орун – Дияз Абдибаев (Казакстан);

66 кг:

1-орун – Нурказым уулу Асангелди (Кыргызстан);

2-орун – Валимухаммад Воки (Тажикстан);

3-орун – Асланбек Чомаев (Россия);

3-орун – Миркомил Ахаткулов (Өзбекстан);

84 кг:

1-орун – Бектуркан Кожомуратов (Кыргызстан);

2-орун – Мухамаддул Хайтбаев (Өзбекстан);

3-орун – Талант Жакыбалиев (Россия);

3-орун – Парвиззи Мостафа (Иран);

96 килограммдан жогорку:

1-орун – Дорж Анар (Монголия);

2-орун – Махмад Миров (Тажикстан);

3-орун – Мохаммеди Абдолвахед (Иран);

3-орун – Тилек Куралов (Кыргызстан);

Пикир

Оставить комментарий