• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз күрөшү боюнча эл аралык “Хан Кошой” мелдеши старт алды

Спорт 0


Бишкек, 8.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте бүгүн “Газпром” ден-соолукту чыңдоо комплексинде кыргыз күрөшү боюнча эл аралык “Хан Кошой” мелдеши старт алды.

“Кабар” агенттигине КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Кыргызстандын бардык аймагынан келген спортчулар жана Өзбекстан, Тажикстандан да балбандар катышат.

Мелдештин алкагында сегиз салмактык категория боюнча байгелер ойнотулат.

Иш-чаранын башкы максаты – улуттук спорттун түрү болгон кыргыз күрөштү жайылтуу жана эл баатыр Хан Кошойдун элесин түбөлүккө калтыруу.

Уюуштуруучулар тарабынан биринчи оорунду ээлеген балбандарга атайын кыргыз оймолору түшүрүлгөн “Хан Кошойдун куру” куру тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий