• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз күрөш боюнча республиканын чемпиондору аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 22-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан 226 спортчу 7 салмакта күч сынашты.

Чемпиондор менен байге ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Жыйынтыгы:

55 кг:

1-орун – Баяман Абидинов;

2-орун – Эламан Базарбек уулу;

3-орун – Урмат Кадырбек уулу;

3-орун – Кенжебай Нарынбай уулу.

60 кг:

1-орун – Роман Сапаров;

2-орун – Малик Жээнбеков;

3-орун – Руслан Урматбек уулу;

3-орун – Тыныстан Сүйүнбеков.

66 кг:

1-орун – Рабил Самат уулу;

2-орун – Нурсултан Мелис уулу;

3-орун – Мирхат Шамбет уулу;

3-орун – Бактияр Кадырбек уулу.

74 кг:

1-орун – Санжар Аманов;

2-орун – Эрбол Туратбаев;

3-орун – Асангелди Нурказым уулу;

3-орун – Дөөлөт Абдыкапар уулу.

84 кг:

1-орун – Бектуркан Кожомуратов;

2-орун – Баястан Идирисов;

3-орун – Нурсултан Бочонов;

3-орун – Шатман Эсенбек уулу;

96 кг:

1-орун – Нурислам Идирисов;

2-орун – Исламбек Алик уулу;

3-орун – Шамшидин Израил уулу;

3-орун – Анарбек Канатбек уулу.

96 кг жогору:

1-орун – Бактияр Мирлан уулу;

2-орун – Тилек Куралов;

3-орун – Мухтар Калыбек уулу;

3-орун – Талас Мухаммед уулу

Пикир

Оставить комментарий