• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-катар аскердик кызматташуу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда КР коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Катар мамлекетинин Коргоо министрлигинин делегациясынын протоколдук жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалыматтык камыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Катар мамлекетинин Коргоо министрлигинин аскер окуу дирекциясынын төрагасы бригадалык генерал Джасим Ахмад Мухаммад Аль-Муханнади, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмед Аль-Сулейни жана Катардын Коргоо министрлигинин улуттук коргоо жана кризиске жооп кылуу борборунун колбашчысы контр-адмирал Абдулла Аль-Бордайни аскер жаатындагы аскердик кызматташуу боюнча Макулдашуусунун долбоорун макулдашуу максатында Бишкек шаарына келишти.

Ушул эле күнү КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн Катар делегацисы менен жумушчу жолугушуусу өттү. Анын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланып, Катар мамлекетинин аскер окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоо жана тоо шарттарында күжүрмөн даярдык боюнча биргелешкен иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкууга алышты.

Пикир

Оставить комментарий