• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-катар кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Катар Мамлекетинин тышкы иштер мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль-Морайхи менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны тереңдетүү, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү сыяктуу актуалдуу маселелеринин бардык спектрин талкуулашты.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын май айында КР президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири Тамим бин Хамад бин Халифа Аль Танинин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашкан өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын тереңдетүү максатында КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы Казакбаев бир катар келишимдердин долбоорлорун катар тараптын кароосуна берди.

Катардын тышкы иштер мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль-Морайхи жакынкы убакта жогорку деңгээлдеги сапарлар болот деген үмүтүн билдирди.

Тараптар бир катар келечектүү биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде түз аба каттамдарын ачуу, инвестициялык долбоорлор жана Кыргызстанда социалдык объектилерди куруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.

Регионалдык коопсуздук жана Афганистандагы кырдаалга өз ара мамилелерди өнүктүрүү маселелери өзүнчө талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий