• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-катар кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кечээ, 3-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катардын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдалла Ахмад Аль Сулайти мырзаны кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын маселелерин жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча анын өнүгүү келечегин талкуулашкан.

"Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүү маселелери козголду", - деп маалымдашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий