• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-катар кызматташтыгынын соода-экономика тармагындагы абалы, келечеги талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кечээ, 10-июнда Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын Борбордук банкынын башкаруучусу Шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани менен жолугушуу өткөрдү.

Эки тараптуу кызматташтыктын соода-экономикалык жана банк тармактарындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Каржылоонун исламдык принциптерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында эки өлкөнүн банк түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана ар кандай өз ара сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий