• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-казак айтышы. Жеңишбек Жумакадыр баш байгеге татыды

Маданият 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-августта Бишкекте өткөн эл аралык кыргыз-казак айтышында баш байге Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтпай Жумагуловго ыйгарылды. Эки төкмө акынга 350 миң сом өлчөмүндө кош байге тапшырылды.

1-орунду кыргыз акыны Баян Акматов жана казак акыны Данияр Алдаберген алып, 200 миң сом кош байгеге ээ болду.

Ал эми 2-орунду кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо менен казак акыны Аспанбек Шугатаев ээлеп 125 сом кош байгеге татыды.

3-орунга кыргыз акыны Асылбек Маратов жана казак акыны Алтынбек Ибрагимов татып, 100 миң сом кош байгенин ээси болушту. Мындан тышкары айтышка катышкан башка акындарга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды

Белгилей кетсек, Эл аралык айтыш Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына карата уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий