• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек-арасы 3-декабрдан тартып кадимки тартипте иштей баштайт - өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Казакстан Республикасынын Астана шаарында бүгүн, 2 декабрда, Кыргыз Републикасы менен Казакстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуусу боюнча «жол картасы» жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов, казак тараптан Казакстан Республикасынын Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Мамин кол койду.

Белгилүү болгондой, кыргыз-казак чек-арасы 2017-жылдын 3-декабрынын саат 00:00дөн тартып кадимки тартипте иштей баштайт.

“Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган. Документте ыкчам мүнөздөгү 16 чара камтылып, 5 кыска мөөнөттү жана 29 системалуу чаралар бар.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы кече күнү, 1-декабрда, казак тарап менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы “жол картанын” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына учуп кеткет.

Сүйлөшүүлөр Минск шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааракелик жыйынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин макулдашууларын ишке ашыруу максатында өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Үмөталиев, Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин стат-катчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Мамыркалиев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов, Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек-ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Кубатбек Жээнбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдралиева бар.

Пикир

Оставить комментарий