• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасы: КР чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. 7-февралдан 8-февралга караган түн тынч өттү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, "Кең-Булун авто жол" жана "Токмок-авто жол" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанды көздөй жарандардын (көпчүлүгү аялдар жана балдар) тыгыны көбөйгөндүгү байкалган, ошол эле убакта окуялар жана чыр-чатактар катталган эмес.

“Чүй облусунун кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары жана өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий