• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасынан курал-жарактар табылды

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Талас облусундагы Чуңкур ашуусунун аймагындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында чек ара түзүмү катылган куралдарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Капчыгайда таштардын арасында капка оролгон 1942-жылы чыгарылган бир Мосин карабини жана 16 мм. мерген мылтыгы, сыймалак түтүктүү мылтык табылган.

Куралдар тийиштүү документтер толтурулгандан кийин КР ИИМнин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий