• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасынан жасалма кыргыз паспорту менен өзбек жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. 21-ноябрь күнү кыргыз-казак чек арасынын “Акжол унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында Өзбекстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, чек ара көзөмөлүн өтүп жатып жаш жигит 1992-жылы туулган Р.С. аттуу жаранга таандык болгон Кыргызстандын паспортун көрсөткөн.

Бирок, чек ара кызматкерлери паспорттун жасалма экендигин аныктап, анын эссин кармашкан.

Сурак учурунда ал 1993-жылы туулган Ж.Х. аттуу Өзбекстандын жараны экенин айткан.

Бардык тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий