• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында 1,5 тонна күйүүчү май аткезчилиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арадан 1,5 тонна күйүүчү май аткезчилиги аныкталды,-деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9-майында “Чоң-Капка-унаа жолу” көзөмөл жайында чек арачылар тиешелүү документтери жок күйүүчү майды ачыкташкан.

“Кыргызстандын 1982-жылкы Б.К., аттуу жараны Кыргызстанга Казакстандан 1,5 тонна өлчөмүндөгү күйүүчү майды алып өтүүгө ааркет кылган. Анын жанында тиешелүү документтери болгон эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран жана күйүүчү май КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аймактык кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий