• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында эки тараптан тең эч кандай чектөө киргизилген жок

Коом 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында кыргыз тарап да, казак тарап да жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө жана алып кирүүгө эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизген жок. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-январдан 6-январга караган убакта Казакстан менен мамлекеттик чек арадан 447 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өтсө, анын ичинен Кыргызстанга 268 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кирип, 179 унаа чыгып кеткен.

КР Чек ара кызматы Казакстан менен мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалбаганын белгилейт..

"Оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын "Ак-Тилек-авто жол", "Чалдыбар-авто жол", "Чоң-Капка-авто жол" жана "Каркыра-авто жол" өткөрүү жайлары аркылуу өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы #84-р буйрутмасынын талаптарынын негизинде аткарылып жатат. Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандан Казакстанга "Кең-Булун-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот, ал эми темир жол аркылуу жүктөрдү "Кайыңды-темир жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрсө болот", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул тапта коңшу Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу элдик толкундоолор күч алып, жарандар менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуулар болуп жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тарап да, казак тарап да жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө жана алып кирүүгө эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизбегендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий