• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан 150 жакын автоунаа кезекте турат

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларында абал кайрадан өзгөрүп, жүк ташуучу унаалар тизилип, кезекте турат. Бул тууралуу "Кабарга" Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Анын себеби, казак тарап унааларды текшерүү үчүн кошумча чек ара бекетин орноткондугунда.

Чек ара кызматынан тышкары, Кыргызстандан барган унааларды Салык жана ветеринардык кызматтары текшерүүдө.

Мындай абал эки жумадан бери байкалууда. Бүгүн саат 12.00 өз кезегин 130 автоунаа күтүп турат, – деп кабарлады кыргыз чек ара кызматы.

Мындан тышкары, казак тарап документтери толук эмес айдоочуларды өткөрбөй коюууда. Алар өз учурунда кемчиликтерин ошол жерден оңдоого аракет кылып, машиналарын ордунан жылдырбай турушат.

Эске салсак, "Ак-Тилек" бекетинде кырдаал 20-мартта кыйындап, 25-мартта карата кайра кадимки режимде иштеп баштаган.

Пикир

Оставить комментарий