• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан тыгын пайда болду, кезек күткөн 300 жүк унаасы бар

Коом 0

Бишкек, 13.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны кайрадан пайда болду. Учурда алардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында кезек күткөн 270 жүк ташуучу унаалар турат. Ушундай эле абал “Чоң капканда” да байкалат, ал жакта 158 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат.

“Бир сатта чек арадан дээрлик 5-6 унаа өтүүдө. Бош жүк унаалары эч кандай текшерүүсүз эле, тезинен өткөрүлүүдө”,- деп белгилешти КР МЧК.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта Казакстан кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Буга байланыштуу көзөмөл-өткөрмө пункттарында унаалардын бир нече чакырымдык тыгыны жана жүздөгөн адамдардын кезеги пайда болгон.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.

2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий